Киши менен тең экен. Дайверлер чоң медузаны сүрөткө тартып алышты

Дайверлер "Жапайы океан жумалыгынын" аякташын утурлай Фалмута районундагы сууга түшүүгө барышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Британиялык дайверлер Корнуолл аймагындагы деңиздин жээгинен адамдын тулку боюндай чоң медузаны кездештирди. Сүрөттү суучул Лиззи Дейли Twitter баракчасына жүктөгөнүн "Известия" жазды.

"Кечээ күнү "Жапайы океан жумалыгынын" аякташын утурлай Фалмута районундагы сууга чумкуп жатып, ушул чоң медузаны көрүп калдык", — деп жазган Дейли.

Салмагы 35 килограммга жакындаган жаныбар Британиянын сууларында жашаган эң чоң медуза болуп саналат. Анын адамга зыяны жок.

Жакында эле интернетке кит дайверди жутуп ала жаздаган видео тараган.