Бир жылмайып коюңузчу! Мостойгон жана күлгөн 14 кишинин сүрөтү

Sputnik

Бул ирмемдер фотограф Табылды Кадырбековдун эмгеги.

"Менимче, жылмайган киши сага жакыныраактай сезилет. Алар кандай турса, ошондой тарттым. Эч нерсе кошкон жокмун. Күлкү - адам жөнүндө көп нерсени айтып бере турган сапат", — деди фотограф.

Сейрек жылмайган Жээнбековдун сүрөттөрү
Ал сүрөттөгү адамдардын жаш курагын сураган эмес.

"Алар - биздин шаардагы миңдеген адамдардын бири. Улуту, жашы, чачы же өңү кызыктырган жок, мени иш процесстеги чын дилден жасаган мамилеси, тагыраагы, чын дилден күлгөнү, жылмайганы кызыктырды", — деп айтып берди Кадырбеков.

Сүрөтчү алардын көбү тартып жатканда тартынып, уялып, кээ бирлери күлкүсүн токтото албай каткырып жиберген учурлар болгонун айтып берди.

1 / 14
Жылмайганда беттеги бардык булчуңдар иштейт. Адамзат эненин курсагында жатканда эле жылмаят.
2 / 14
Күлкү деген баары бир жакшы нерсе. Маанайды көтөрөт, дүйнөнү жаркытат.
3 / 14
Жаштык да өзүнчө сулуулук деңизчи. Анткен менен мостойгонго караганда жаркылдап турганга эмне жетсин!
4 / 14
Күлкү адамды кооздойт. Ал жаш-карыга карабай көрк берет.
5 / 14
Адатта жылмайып жүргөн адамдын жашоосу жеңил болот дешет эмеспи. Андыктан, ансыз деле түйшүгү көп күндөрдү күлкү менен жеңилдетели.
6 / 14
Эгерде адам чын дилинен күлсө, аны каршысындагы маектеши сөзсүз сезет
7 / 14
Үңкүйүп жүргөнгө караганда жаркылдаган киши алда канча жакшы көрүнөт
8 / 14
Жылмаюу, албетте, макияжга караганда жагымдуу. Orbit Complete жүргүзгөн иликтөөлөр адамдардын 70 пайызы боенгондорго караганда күлүп жүргөндөр сулуу көрүнөрүн айтышкан.
9 / 14
Жасалма жылмаюунун өмүрү төрт эле секунда экен
10 / 14
"Жылмаюу да садага" деп айтылат. Түшүнгөн кишиге бул сөздүн мааниси терең.
11 / 14
Окумуштуулар аялдардын эркектерге караганда көбүрөөк жылмайып жүрөрүн айтышкан
12 / 14
Адамдын күлүп келе жатканы 100 метрден эле байкалат экен
13 / 14
Жылмаюунун тили, котормосу жок. Ал планетадагы бардык адамдар бирдей жана дароо түшүнгөн нерсе.
14 / 14
Кабак түйгөнгө караганда жылмайган оңой. Киши күлгөндө анын жүзүндө 53 булчуң иштейт дешти.