"Ош" базарынын аймагында ресторан өрттөнүп жатат. Сүрөт

Тилсиз жоого каршы өрт өчүрүүчү эки бригада жөнөтүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Борбор калаанын "Ош" базарынын аймагында ресторан күйүп жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ош" базарынын аймагында ресторан өрттөнүп жатат. Сүрөт

Окуяга күбө болгон адам Sputnik Кыргызстандын WhatsApp-каналына кырсыктын сүрөттөрүн жиберген. Анда уюлгуп чыгып жаткан кара түтүндү көрүүгө болот.

Өрт Жаш Гвардия проспектиси менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тилсиз жоого каршы өрт өчүрүүчү эки бригада жөнөтүлгөн.