Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Жер саат 15.36да силкинген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Жер саат 15.36да силкинген. Ал эми калк жашаган Ак-Суу районунун Май-Саз айылында 2,5 баллга чейин жеткен.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.