Оштун мэри Токтогул атындагы паркты гүлзарга айландыруу тапшырмасын берди

Калаадагы сейил бакты 31-августта ачуу пландалган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 15-июлда Токтогул Сатылганов атындагы парктын оңдоо иштери менен таанышып чыкты.

Анын алкагында калаа башчысы парктагы жайкы театрдын эскизин көрдү. Мындан сырткары, ал Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчилигине тез арада эс алуу багынын айланасына гүлдөрдү эгип, көрктөндүрүү тапшырмасын берген.

"Паркты 31-августта ачуу пландалууда. 100 жылдык тарыхы бар сейил бак эс алууга ыңгайлуу болушу шарт. Тегерек-четине тыкыр көз салып, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишине өзгөчө маани берилсин. Паркты шаардагы эң гүлдөгөн жайга айландыргыла!" — деди калаа мэри.

Мындан сырткары, Сарыбашов жооптуу кызматкерлерге велосипед ижарага берип иштеткендердин жоопкерчилигин күчөтүп, ар бири менен келишим түзүп, ишмердүүлүгүн иретке келтирүү зарылдыгын кошумчалады.