Чүй: фура жол жээгинде токтоп турган алты унааны капталынан сүрүп кетти. Сүрөт

Экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун мас экени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекке жакын жерден Howo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол жээгинде токтоп турган алты автоунааны каптал жагынан сүрдүрүп кетти. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 15-июлда саат 22:00дөр чамасында Эне-Сай конушундагы Курманжан датка көчөсүндө болгон. Автоинспектор 43 жаштагы Б.У. аттуу жаранды ГЭС-5 аймагынан кармап, Аламүдүн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизди. Ал эми жүк ташуучу автоунаа айып короого токтотулду.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун мас экени аныкталган. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.