Бишкектеги айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөрдү. Карта

Маршруткалардын каттамы жолдор оңдолгондон кийин калыбына келет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн Исанов менен Үмөталиевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан айрым маршруттук таксилердин каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Милиция Бишкектеги маршрутка менен таксилерди текшерет. Себеби
Каттамы өзгөргөн маршруткалар: № 102, 110, 195, 200, 210, 222, 266. Ал эми №222 маршрутка батышты көздөй кетип баратканда Киев көчөсү менен Шопоковдон Жаш Гвардия проспектисине чейин жүрөт.

№102, 195 маршруткалар Москва көчөсү менен Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө дейре каттайт.

№200 маршрутка Киев көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин жүрөт.

№110, 210 маршруткалары батышты көздөй кетип баратканда Киев көчөсү менен жүрөт.

Ал эми №266 маршрутка батышты карай баратканда Киев көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин барат.

Маршруткалардын каттамы жолдор оңдолгондон кийин калыбына келет.