Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев каза болду

Ашырбек Темирбаев 67 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев дүйнө салды. Бул маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.

Билдирмеге караганда, ал оорудан улам Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон.

Ашырбек Темирбаев 67 жашта болчу.