Радио

Муратбек кызы: гид болуп иштеп, алгачкы акчамды 14 жашымда тапкам

Салтанат Муратбек кызы Кыргызстанда профессионал гиддер аз деп эсептейт.
Sputnik
Муратбек кызы: гид болуп иштеп, алгачкы акчамды 14 жашымда тапкам

Алгач ирет гид болуп үч күн саякатка чыгып, 1650 сом маяна алгам. Акчалай алып барсам апам коротуп коет деп, баарына азык -түлүк сатып алганым эсимде. Бул тууралуу Салтанат Муратбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гид болуп эмгектенүүгө бир эле англис тилин билүү жетишсиз. Аталган кесип ээсинин медицинадан, географиядан, тарыхтан түшүнүгү бар, эң башкысы, мекенге болгон сүйүүсү күч болушу шарт.

"Өзүм Кочкор районунда туулуп-чоңойдум. Биздин көчөдө туристтер жайгашкан үйлөр көп болор эле. Туугандарымдын көбү чет мамлекеттерде жашагандыктан, англис тилин үйрөнүүгө кичинекейимден кызыктым. Айылга келген туристтер менен англисче баарлашып, тил үйрөнүүдө тажрыйба топтоп жүрдүм. Күндөрдүн биринде эки турист менен таанышып, аларга гид болууга каалоомду билдирдим. Алардын жардамы менен туристтерди тейлеген компанияларга барып, полун жууп, чайын ташып аралашканыма курсант болуп жүрдүм. Бир күнү англис тилин билген гид жумушка келбей калып, француз кызына Соң-Көлдү көрсөтүп келүүгө мени жөнөтүштү. Анда 14 жашта элем. Алгачкы саякатым болгондуктан, өтө эле оор баштык көтөрүп алыптырмын. Болушунча өзүмдү профессионал гиддердей алып жүрүүгө аракет кылып, жолду ката жерлердин тарыхын айтып берип, компания койгон эрежелерди сактаганым менен куржунумду кардарым кошо көтөрүшүп жүрдү. Жыйынтыгында менин үч күндүк маянамды толук төлөп эле бергенден сырткары, дарегиме жакшы пикирин калтырып кеткен ал кардарым али да эсимде", — деди Муратбек кызы.

Ал учурда өлкөдө профессионал гиддер жоктугун, бардыгы тажрыйба жүзүндө топтолгон эрежелер менен иштеп келе жатышкандыгын кошумчалады.