Ысыкка байланыштуу жумушчу күн кыскартылабы? Министрликтин жообу

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, жакынкы бир нече күн бою Бишкекте аба ырайы +34 градустан төмөн түшпөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына кайрылып, күндүн катуу ысышына байланыштуу жумушчу күн кыскарар-кыскарбашын тактап берүүнү суранышты.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, жакынкы бир нече күн бою Бишкекте аба ырайы +34 градустан төмөн түшпөйт жана жогорулабайт.

Ысыктан улам Кыргызстанда иш күндү кыскартуу керекпи?Албетте. Мындай ысыкта иштей албайсыңАзырынча эрте. Күндүн табы 40 градустан аша элекЖумушту кантип таштайбыз. Иште кондиционер барМага баары бир. Мен эс алуудамын!
Суроого жооп алуу максатында Sputnik агенттигинин кабарчысы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигине кайрылды. Ведомствонун маалымат кызматы азырынча кыргызстандыктар кадимки режимде иштей турганын кабарлады.

"Аба ырайына байланыштуу иш күнүн кыскартуу каралган жок", — деди маалымат катчы Кымбат Кадыралиева.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандын Эмгек кодексинде ысык аба ырайына байланыштуу иш күнүн кыскартуу каралган эмес. Анткен менен мыйзамдагы 211-беренеге ылайык («Жумуш берүүчүнүн милдеттери»), иш берүүчү жумушчунун ден соолугуна зыян келтирбеген шарт түзүп берүүгө милдеттүү.