Ысык-Көлдөгү жолду оңдоого кеткен чыгым 2 млрд. сомго өстү

Жолду оңдоо иштери бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Анын айынан Темир Сариев иштен кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жол куруу иштери менен таанышты. Өкмөт башчы жол оңдолуп жаткан аймактарды карап чыгып, подрядчы компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Балыкчыдагы айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди. Анын айтымында, трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес.

Бейшенов жолду реконструкциялоого сарптала турган каражаттын көлөмү 8 миллиард 785 миллион сомго (алгачкы планда 6 миллиард 803 миллион сом болчу) өскөнүн белгиледи. Абылгазиев долбоордо мындай кошумча чыгымдар болуп кетиши көрсөтүлбөгөнү менен курулуш иштерин бүткөрүү үчүн каражат табыларын кошумчалады.

"Аталган жолду реконструкциялоо иштери тийиштүү эсептөөлөр, долбоорлору жок эле, керек болсо каржылоо булактары каралбастан башталган. Мындай чечимдин кесепети өлкө бюджетине таасирин тийгизип жатат. Анткен менен өкмөт трассанын курулуш иштерин быйыл бүткөрүү үчүн каражат табат", — деди Абылгазиев.

Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
2015-жылы Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендердин айланасында чуу чыккан. Аны иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Комиссиянын кээ бир мүчөлөрү Темир Сариевдин адамдары тендерге катышкан компаниялардын биринин кызыкчылыгын коргогон деп шектенишкен. Ушул себептен комиссия Жогорку Кеңешке өкмөткө ишенбестик көрсөтүү сунушун берген. Кийинчерээк премьер-министр Темир Сариев "саясий оюндарга" катышуу үчүн убактысы дагы, каалоосу дагы жок экенин билдирип, отставкага кеткен.