Япон окумуштуулары ашыкча салмак алуунун жаңы себебин аныкташты

Изилдөө учурунда май сактаган клеткалар аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ичке ичегидеги айрым иммундук клеткалардын иштөөсү адамдын семирип кетишин шартташы мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Мындай жыйынтыкка Япониянын интеграциялык медициналык илимдер борборунун окумуштуулары келишкен.

Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азыктарды атады
Илимпоздор ашыкча салмак бир нече себептен улам пайда болушу мүмкүндүгүн аныкташкан. Анын ичинде генетикалык себептер, ичеги-карындагы бактериялар жана туура эмес тамактануу да бар.

Ошол эле учурда чычкандарга жасалган эксперимент ичегидеги айрым иммундук клеткалар курамында май болгон тамакты сиңирбей, аны сактай турганын көрсөткөн.

Адистер мындай көйгөйдү чечүү үчүн аталган клеткаларды алып салуу керектигин айтышууда.