БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Узаган жекшембиде Американын Сакраменто шаарында аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 155 турнири өтүп, нидерландиялык Жермейн де Рандами менен америкалык Аспен Лэдд кызуу беттештердин бирин тартуулады. Бул туурасында Р-Спорт жазды.
"Темир айым" каймана аты менен таанымал нидерландиялык мушкер атаандашы Лэдди 16 секунддун ичинде нокаутка кетирип, жеңишин майрамдаганы айтылат.
Муну менен Жермен Де Рандами карьерасында тогузунчу жеңишин камсыздады. Октагондо үч ирет утулган. Ал UFC уюмунун 65 килограмм салмактагы мурдагы чемпиону.
Ал эми анын каршылашы Лэдд алгачкы ирет жеңилди. ММА боюнча сегиз беттешти уткан болчу.