БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Түркиянын Бурса шаарынын кондитери Хасан Аджар Россиянын президенти Владимир Путинге түрктөрдүн улуттук пирогун (бөрек) жасап белек кылды.
Аджар бул белегин Россиянын С-400 зенит-ракеталык комплексинин Түркияга келишине арнаган.
Ал жасаган тамагы Путинге тез жетет деген ниетин билдирип, президентке "Тамагыңыз таттуу болсун", — деди.
Түрк кондитери 2012-жылы 2023 метрлик бөрек жасап, Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Белгилей кетсек, Түркия С-400 зениттик-ракета комплексинин төрт дивизионун сатып алуу үчүн 2017-жылы 2,5 миллиард долларга келишим түзгөн. Курал-жарактын жарымын Түркия өзү төлөсө, калган бөлүгү Россия берген насыянын эсебинен кыскарат.