Жаза аткаруу кызматында биринчи ирет медициналык жай ачылды

Премьер-министр жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишенимин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматында 15 миңге чукул бейтапка медициналык кызмат көрсөтүүгө эсептелген медициналык жай ачылды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы жаза аткаруу боюнча ведомствонун бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктаган. Жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишеним билдирген.

КР түрмөлөрүндө теологдор иштей баштады. Жаңы демилге
Премьер-министр эл аралык өнөктөштөргө долбоорду ишке ашыруудагы финансылык, материалдык жана консультациялык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

Андан соң палаталарга жана медициналык имараттарга кирип көрүп чыкты.

Аталган медициналык жайды быйыл № 32 мекеменин (жатак колониясы) базасында ачуу чечими кабыл алынган. Бүгүн пайдаланууга берилген объектинин имараты 1981-жылы курулган, жалпы аянты 1840 чарчы метр. Үч кабаттан турат.

Маалыматта курулуш иштеринин сметалык баасы – 17 млн. 412,2 миң сом экендиги айтылган.