Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүш керек. Анткени аталган мекеменин бардык маселени чечүүгө чамасы жетпей жатат. Бала бакча жана мектептер өзүнчө органга баш ийишсе, ЖОЖдорду башка мекеме көзөмөлдөгөнү жакшы. Мындай пикирин Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинде кадрлар жетишсиз.
"Кыргызстандын билим берүү системасы начар. Эгер аны жакшыртабыз десек, олуттуу реформа жасашыбыз керек. Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү зарыл. Анткени жалгыз мекеме аталган тармактагы бардык маселени чечүүгө жетишпей жатат. Эгерде бала бакча жана мектептерди өзүнчө орган жана жогорку окуу жайларды башка ведомство тейлесе, агартуучулук жаатында бир топ алгылыктуу өзгөрүүлөр болмок. Ошол себептен министрликти жоюп, эки жаңы мекеме түзүш керек. Маселени жоюуда ушул эле багыт туура деп ойлойм. Анткени министрди алмаштыруудан майнап жок. Жаңы жетекчи келгенде деле мурдагы системаны улантып кете берет", — деди Кубанов.
Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык деңгээлде кызматташуу боюнча алты эле мамлекет менен келишими бар экендигин айтып, бул өтө аз көрсөткүч экендигин кошумчалады.