Апта ирмеми: пери сымал суучул кыздан желкеге аялды көтөрүп чуркаган жарышка чейин

Sputnik

Пхеньянда( Түндүк Корея) өлкөнүн түптөөчүсү Ким Ир Сендин каза болгондугунун 25 жылдыгы белгиленди.

Ал эми Маями – Бичте (АКШ) салтка айланып калган жээк модасы болуп өтсө, Украинадагы Чернобыль АЭСинде жаңы саркофаг эксплуатация болду.

Памплондо ( Испания) жыл сайын өтчү Сан-Фермин фестивалы көптөрдүн көңүлүн өзүнө бурду.

Тоолуу Алтайда кыргыздар катышкан көк бөрү болду. Тарыхый мекенден тартылган сүрөттөр
Хунань провинциясында (Кытай) нөшөрлөгөн жамгырдын айынан жаралган селден улам 11 киши набыт болуп, алты адамдын дайыны жок.

Индонезияда деңиз аскер армиясынын машыгуулары болуп өтсө, Жаңы Орлеанда (АКШ) да сел жүрдү.

Сонкаярвиде (Финляндия) салт болуп калган жарыш болуп, анда эркектер  аялдарды желкеге көтөрүп чуркады.

Новосибирскидеги (Россия) ЖЭБ-5тин жанындагы көлмөнүн сулуулугу элдин көңүлүн бурууда.

Двур-Кралове шаарында (Чехия) арстандын баласы туулду.

Түштүк Кореяда сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк биринчилик өттү.

Парижде (Франция) Бастилияны алган күндү белгилөө күнү майрамдалды.

1 / 17
Франциялык ойлоп табуучу Френки Запат Париж асманында ховербод менен учуп жүрөт. Бастилиянын алынган күнүн белгилөө майрамында
2 / 17
Түндүк Корея калкы эл башчылары Ким Ир Сен менен Ким Чен Ирдин эстелигине сый көрсөтүп турушат. Ким Ир Сендин дүйнөдөн өткөндүгүнүн 25 жыл болгонуна карата өткөн иш-чарада
3 / 17
Шаньдун провинциясында эл деңиз өсүмдүгү өскөн сууда сүзүп жүрөт
4 / 17
Украинадагы Чернобыль АЭСиндеги жаңы саркофагдын эксплуатациясынан кийин жалпы орнотууга 1,5 миллиард евро каражат коротулган
5 / 17
Түштүк ийкемчил кити Рибанкейра жээгинде. Бразилия Санта-Катарина штаты
6 / 17
Сан-Фермин фестивалы. Жыл сайын Памплондо 6-14-июль аралыгында тогуз күн бою орун алып, эң кеңири тараганы энсьеррос жана букаларды көчөгө бош коюп чуркатып ойнотуу.
7 / 17
Хунань провинциясында (Кытай) нөшөрлөгөн жамгырдын айынан чыккан селден улам 11 адам набыт болуп, алты кишинин дайыны жок
8 / 17
Новосибирскидеги (Россия) ЖЭБ-5тин жанындагы көлмөнүн сулуулугу элдин көңүлүн бурууда
9 / 17
Двур-Кралове шаарында (Чехия) арстандын баласы туулду
10 / 17
Сиетлдеги (АКШ) Boeing 737 Max үлгүсүндөгү учактар токтоп турат. Анткени аталган үлгүдөгү аба кемелери катышкан эки кырсыкка байланыштуу бир катар өлкөлөр бул техникаларды учурууга тыюу салган.
11 / 17
Краснодар крайынын талааларында ачылган күнкарама
12 / 17
Чимирилген польшалык спортчу кыздын Түштүк Кореядагы сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк мелдешке катышуу учуру
13 / 17
Деңиз аскер машыгуусу (Индонезия)
14 / 17
Жаңы Орлеандагы сел
15 / 17
Франкфуртта күндүн ажайып болуп чыгышы
16 / 17
Маями Бичтеги жээк модасы
17 / 17
Аялды желкеге көтөрүп чуркоо боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңүүчү аталган Витаутас Киркляусас жана Неринга Киркляускен