Жерге акыркы он жылдагы эң күчтүү магниттик бороон түштү

Сезимтал адамдарга кан басымына байкоо жүргүзүп, стресстен оолак болуу сунушталары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Астрономдор 15-июль, дүйшөмбү күнү, Жер планетасына күчтүү магниттик бороон түшкөнүн эскерткенин Sputnik Молдова агенттиги жазды.

NASA Айдын бети кургап жатканын айтты
Метеоритке сезимтал адамдар, бөтөнчө жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар өзүн жаман сезиши ыктымал. Бул күндөрү кан басымга көңүл буруп, стресстен оолак болуп, ошондой эле чөп ширесин жана чайларды ичүү керектиги сунушталган.

Адистердин айтымында, бул магниттик бороон акыркы он жылга салыштырмалуу эң күчтүүсү деп эсептелинет. 2019-жылы Күн нурунун дагы активдүүлүгү башталган. Күндүн активдүүлүгү менен магниттик бороон күн сайын күч алып жаткандыгы айтылат.

Окумуштуулардын пикиринде, Күндүн эң жогорку жарыгы 2022–2023-жылдары байкалат.

Күндүн активдүүлүгү менен Россиядагы күндүн ренгтен астрономиясы лабораториясынын сайтынан таанышууга болот.