Арасында карыя бар экен. Ак-Буурадан эки кишинин сөөгүн алып чыгышты

Автокырсык болжол менен саат 17:30дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунда автоунаа Ак-Буура дарыясына ичиндеги төрт адамы менен кошо түшүп кеткен. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Кырсык болжол менен саат 17:30дар чамасында болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылган.

"Ак-Буура суусуна ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаа 14-июлда түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн (унаада 3 эркек, 1 аял болгон). Ошол эле күнү кечинде 56 жаштагы кишинин, ал эми бүгүн таңда 73 жаштагы улгайган адамдын сөөгү табылган", — деп жазылган маалыматта.

Министрликтен калган эки адамдын - бир аял менен бир эркекти издөө иштери уланып жаткандыгын айтышты.

Кыргызстанда быйылкы жайда суу адамдын өмүрүн алган учурлар тилекке каршы, көп катталууда. Кечээ Бишкектен алыс эмес жерде, Ала-Арча дарыясына түшүп кеткен жигиттин сөөгү бүгүн табылды.