Ысык-Көлгө ата-энеси менен эс алууга барган 15 жаштагы кыз чөгүп кетти

Атасы кызын өзү суудан алып чыгып, тез жардам чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пляждардын биринде 15 жаштагы кыз чөгүп кетти. Ал ата-энеси менен чогуу эс алганы келген. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынан кабарлашты.

Депутат Ысык-Көлдө киши өлүмүн азайтуунун жолун сунуштады
Каргаша 12-июлда "Шанхай" пляжынын аймагында саат 19:00дөр чамасында болгон. Ата-энесинин айтымында, алар кызын бир нече мүнөттүн ичинде эле жоготуп алышкан. Аны издеп баштаганда жээкке чыгып турган башын көрүшкөн. Өспүрүм кыз чөгүп кеткен жер өтө терең эмес, маркумдун белинен келген жер болгон.

Атасы кызын өзү суудан алып чыгып, тез жардам чакырылган. Бирок ал дарыгерлер келгенге чейин эле үзүлгөн. Ата-энеси экспертизаны күтпөй эле кызын Бишкекке алып кетишкен.