Радио

Стоматолог тиш жуучу щётканы туура тандоо сырларын айтып берди

Врач-стоматолог Медербек Козанов сүт тиши бар кичинекей балдар үчүн тиш жуучу щётканын жумшагын колдонуу керектигин айтты.
Sputnik
Стоматолог тиш жуучу щётканы туура тандоо сырларын айтып берди

Электрондук тиш щётканын жөнөкөй щёткадан эч айырмасы жок. Бул тууралуу Медербек Козанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гигиенаны сактоо үчүн аталган буюмду үч айда бир алмаштырып туруу керек.

"Тиш жуучу щётканы тандоо абдан маанилүү. Эгерде кичинекей балдардын сүт тиштери түшө элек болсо, жумшак щётканы колдонуу туура болот. Ал эми улуу адамдар бир аз катуураагы менен жууган дурус. Азыркы учурда электрондук тиш жуугучтар чыккан. Аларды кадимки щёткадан жакшы тазалайт деп айта албайм. Аны да туура пайдаланганды билиш керек. Ошондой эле тишти өтө ысык же муздак эмес сууга, бардык тарабынан жышып жуу маанилүү. Милдеттүү түрдө суткасына эки ирет тазалап, андан сырткары тамак ичкен сайын атайын суюктук менен ооз көңдөйүн чайкап жүрүү тиштердин жакшы сакталышын шарттайт", — деди Козанов.

Ошондой эле ал брекет тагынгандар үчүн атайын тиш жуучу щёткалар бар экенин кошумчалады.