Кыргызстандык каскадёрлор "Мулан" тасмасына тартылууда

Кунгужимов буга чейин голливуд жылдыздары Киану Ривз, Сильвестер Сталлоне жана Натали Портман менен иштешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык үч каскадёр Walt Disney Studios компаниясынын "Мулан" тасмасына тартылууда. Бул тууралуу Nomad Stunts тобунун негиздөөчүсү Жайдарбек Кунгужимов Facebook баракчасына жазды.

Ал билдирүүсүндө Disney студиясы менен көптөн бери иштешүүнү эңсеп келгенин, эми ал иш жүзүнө ашып жатканын белгилеген.

Кунгужимов буга чейин голливуд жылдыздары Киану Ривз, Сильвестер Сталлоне жана Натали Портман менен иштешкен.

Nomad Stunts тобунун менеджери Евгения Ли Eurasianet басылмасына берген маегинде "Мулан" тасмасын тартуу иштерине алардын 13 каскадёру катышканын айткан. Алардын ону Казакстандан болсо, үчөө Кыргызстандан.

Фильмдин сюжети ак көңүл кытай кызынын тегерегинде өнүгөт. Ал оорулуу атасынын ордуна көчмөн гунндар менен кошо согушка аттанат. Мулан колуна кылыч кармап кармашуу үчүн эркекче кийинип чыгат.

Башкы ролго кытайлык актриса Лю Ифэй тартылган. Жол башчы Тунгдун ролун Донни Йен ойногон.

Кытайдын императорунун ролун атактуу актёр Жет Ли ойнойт.

Кино көрүүчүлөргө 2020-жылдын 27-мартында тартууланат дешти. Картинага Ники Каро режиссёрлук кылган.