Эч нерсеси калбаптыр. Баткендеги үрөй учурган жол кырсыктын сүрөттөрү

Окуя болгон жерге ӨКМден жети куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышкан.
Sputnik

ОШ, 14-июл. – Sputnik. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында эки унаа кагышып, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Маалыматты ӨКМ да тастыктап, кырсык бүгүн, 14-июлда, саат 08:30дар чамасында болгонун билдиришти.

Маалыматка ылайык, Honda Odyssey менен оор жүк ташуучу Howo унааcы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу мүрт кеткен. Ал Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болду.

Окуя болгон жерге ӨКМден жети куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышкан. Маркумдун унаасы жарабай калган. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.