Баткенде жакыр жашагандарга 26 жер үй курулуп жатат

Мэрия там салууга үч гектар жер тилкесин бөлүп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Баткен шаарында турмуш-шарты начар үй-бүлөлөргө 26 жер там курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 26 үйдүн ар бирине төрттөн үй-бүлө жайгаштырылмакчы. Башкача айтканда, 104 бүлө ак өргөлүү болушат.

Үйдүн ичине бардык шарттар түзүлүп, эмеректер орнотулган. Чакан шаарчага атайын ФАП, дарыкана, тигүүчү цех, мечит жана спорт аянтчасын куруу пландаштырылган.

"Мэрия там салууга үч гектар жер тилкесин бөлүп берген. Азыркы тапта үйлөр курула баштады", — деп жазылат билдирүүдө.

Курулуш иштерин Кувейт мамлекети каржылап жатканы маалым болду.