Мадумаров баштаган Баткен делегациясы Өзбекстандагы фестивалга катышууда. Сүрөттөр

Фестиваль үч күнгө созулуп, Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин жашоо-турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий иш-чаралар менен коштолду.
Sputnik

ОШ, 13-июл. – Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган делегация Өзбекстанда өткөн "Улуу Жибек Жолу" маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач Фергана облусунун жетекчилиги Баткенден барган топту Өзбекстандын "Водил" өткөрмө бекетинен салтанаттуу тосуп алган.

Иш-чара Фергана облусунун Маргилан шаарында өткөн.

"Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев  Баткен облусунун жетекчилигин аймактагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, эки тараптуу кызматташууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Мындан сырткары, ал Фергана — Баткен кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар экендиктерин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң жетекчилер Маргилан шаарындагы "Эркин Вохидов" атындагы эс алуу багында уюштурулган Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгүнө арналган жарманкеге күбө болушкан. 

Фестиваль 20га жакын мамлекеттин элинин башын бириктиргени айтылат.

Дүйнөлүк эпостор фестивалында боз үй, манасчы, дастанчынын мыктысы тандалды
Уюштуруучулар эл аралык маанидеги бул иш-чара Өзбекстанда алгачкы жолу жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканына токтолуп, саамалыкты салтка айлантып жыл сайын өткөрүүгө белсенүүдө.

Фестиваль үч күнгө созулуп, Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин жашоо-турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий иш-чаралар менен коштолду. Ошондой эле ар бир улуттун өкүлдөрү өзүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда таланттар фольклор жанрында ыр-күүлөрдү аткарган. Иш-чарада Баткен облусунан барган маданият кызматкерлери да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чара бүгүн, 13-июлда жыйынтыкталат.

Баткен облусунун жетекчиси мындай иш-чаралар эки элдин карым-катнаш, алакасын бекемдөөнү шарттайт деген пикирин билдирди.