Рекорд койду! Скейтбордду зуулдата тепкен беш жашар наристенин видеосу

Москвалык Василиса Ермакова скейтборд менен атайын жайдан саатына 48 чакырым менен түшүп Россияда рекорд койду.
Sputnik

Наристенин катуу ылдамдык менен ылдыйды көздөй түшүп келе жатканын бир дем менен көрүүгө болот.

Ермакова сноуборд менен дагы оор трюктарды көрсөтүп, Instagram тармагында жылдызга айланган.

Интернет колдонуучулар аны болочоктогу Олимпиада чемпиону деп сүрөп жатышат.