Ушундай да болобу? Пенсионер жарым мээ менен жашаганын 60ка чыкканда билди

Пенсионер өзүнүн өзгөчөлүгүнөн кабары жок жогорку билим алып, аскерде кызмат өтөп, үй-бүлө курганга жетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Москва облусундагы ооруканалардын бирине кайрылган пенсионердин башын компьютердик томографиядан текшерген дарыгерлер анын мээсинин тең жарымы жок экенин көрүшкөн. Бул тууралуу Психикалык саламаттык боюнча федералдык борбордун неврологу Марина Аникинанын сөзүнө таянып, "Московский комсомолец" жазды.

"Пенсионер жарым мээси жок бойдон 60 жыл жашап, бул ортодо жогорку билим алып, аскерде кызмат өтөп, үй-бүлө курган. Аппараттан карасак, мээсинин сол, тагыраагы, бош тарабында булчуң эт сыяктуу кара бир нерсе жайгашкан", — деди Аникина.

Анын айтымында, пенсионер колу-буту ооруп, жакшы кыймылдабай жатат деп кайрылган. Бирок бир нече күндөн кийин бардыгы калыбына келип, ооруканадан чыгарылган. Ал эми дарыгерлердин бул уникалдуу көрүнүштү иликтеп көрөлү деген сунушунан дароо баш тарткан.

Өлдү деген уулунун көзүндөгү жашты байкаган энеси аны сактап калды. Индиядагы окуя
Ак халатчандарга айтып бергенине караганда, ушул убакка чейин өзүнүн өзгөчөлүгү тууралуу эч кабары жок, кадыресе өмүр сүргөн. Мектепти жалаң "5ке" бүтүп, кийин инженер адистигине ээ болгон. Пенсияга чыкканга чейин өз кесиби менен заводдо эмгектенген. Эки баланын атасы.

Неврологдун пикиринде, мээнин сол тарабында мандем болсо адам тубаса шал болуп калат. Ал эми бүгүнкү каармандын окуясынын уникалдуулугу — мээнин оң жак бөлүгү эч мүчүлүштүгү жок иштеп, бардык функцияларды аткарып бергендиги.

Ошондой эле дарыгер технология жетишкен азыркы заманда түйүлдүктөн мындай кемчиликти байкаган медиктер анын төрөлүшүнө каршы болушарын кошумчалады.