Россияда сүйүшкөн түгөйлөрдү тирүүлөй өрттөгөн кишини кантип жазалашты?

Үй ээси түгөйлөрдүн ашканага бекинип алганына кыжыры келген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Башкыртстанда сүйүшкөн түгөйлөрдү тирүүлөй өрттөп ийген жаран 17 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

49 жаштагы эркек менен 35 жаштагы аял Уфа шаарында батирдин бир бөлмөсүн ижарага алып жашашчу.

Күндөрдүн биринде алар үйдүн ээси менен чогуу отуруп ичимдик ичип, баңгизат колдонушат. Аягында түгөйлөр ашканага кирип, ичинен бекинип алышат.

"Эртең менен үй ээси ашканага кире албай кыжыры келип, жыйынтыгында анын каалгасына бензин чачып туруп өрттөп жиберет. Өзү батирди сыртынан бекитип, чыгып кетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Ашканадагы эркек ошол жерден жан берсе, аял сыртка качып чыгууга жетишкен. Бирок денесинин көбүрөөк жери күйүп калгандыктан, ооруканада көз жумган.

Эки адамдын өлүмү боюнча шектүү катары үй ээси кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Уфа шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 17 жылга кести.