Кырсыктын учуру тартылып калган видеону күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу жиберишти.
Кадрдан милициянын автоунаасы Ахунбаев көчөсү менен келип Токтоналиев көчөсүндө бара жаткан жолтандабасты артынан сүзгөндө, Lexus GX 470 капталынан түшүп кетип, кайра кадимки калыбында туруп калган.
ИИМдин мамлекеттик күзөт башкармалыгынын адистештирилген кызматы милициянын унаасы чакыруу түшкөн жерге бара жатканын билдирди.
"13-июлда саат 10.26да Бакаев көчө., 132 көчөсүндөгү коргоого алынган аймактан "Тревога" кабары түшкөн. Аталган дарекке кармоо тобу чыгып кеткен. Автоунаа күйүп-өчкөн жарыгын иштетип бара жатканда кырсыкка кабылган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган кырсык бүгүн, 13-июлда, саат 11.00 чамасында болгон.