Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылып, тумшугу талкаланды. Видео

Тез жардам кызматына саат 10.32де чакыруу түшүп, дарыгерлер жөнөп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаада милициянын унаасы жол кырсыгына кабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү WhatsApp-каналга билдирди. Ал эми кырсыктан кийин тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жайгаштырылган.

Анын айтымында, кырсык бүгүн, 13-июлда, саат 11.00 чамасында Токтоналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кадрдан милициянын унаасынын тумшугу талкаланып, жөө кишилер өтчү сызыкта турганын көрүүгө болот.

"Жаракат алгандар көрүнгөн жок, бирок ал жерде Тез жардам унаасы токтоп турат. Анын жанында бир топ милиция кызматкерлери турган. Бирөө жаракат алган окшойт", — деп билдирди окуянын күбөсү.

Бишкекте Тез жардам унаасы машина менен кагышып, оодарылып кетти. Сүрөт
Ал эми Тез жардам кызматына аталган дарек боюнча саат 10.32де чакыруу түшүп, дарыгерлер чыгып кеткенин билдирди.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азырынча маалымат бере элек.

Кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 номериндеги WhatsApp же Telegram каналдарына кабарлаңыз.