Чүй: түрмөгө 3 кг ашык нашаа алып киргенге аракет кылган киши кармалды. Сүрөт

Ал кишини тинткенде жанынан жети башка оролгон баңгизаты чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагынын аймагына 3,4 килограмм баңгизат алып кирүүгө аракет кылган деп шектелип 25 жаштагы киши кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чүй: түрмөгө 3 кг ашык нашаа алып киргенге аракет кылган киши кармалды. Сүрөт

Маалыматта баңгизат ташыгыч абактын коргонунан кармалгандыгы жазылган. Аны Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү 13-июлда түнкү саат 01:25 чамасында колго түшүргөн.

"Кишини текшере келгенде буюмдары менен кошо жети таңгакчанын ичинен күрөң түстөгү зат табылган. Нашаанын салмагы 3 килограмм 395 граммды түзгөн. Учурда экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жазык кодексинин 267-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.