Бул италиялык сүрөтчү Люка Люченин оптикалык иллюзиялары.
Анын тарткан сүрөттөрү бул күндөрү көптөрдү чочутуп, таң калтырып жана суктантууда.
Дүйнөдөгү жүз миңдеген адамдардын анын чыгармачылыгына байкоо салып турганын көрүүгө болот. Ал кыл калемдин жардамы менен үч мерчемдүү образдарды түзгөн.
Люк телеканалда визажист болуп иштеп жүргөн кезинде өзүнүн талантын байкап калган да, ушул деңгээлге жеткирген.
Сүрөтчүлүк менен алектенүүнү Люк бала кезинен баштаса, ал эми иллюзияга акыркы алты жылдан бери кызыгып келет.
Италиялык бул талант эмгектерин Instagram баракчасына жарыялап турат.