Зал жарылып кете жаздады! 40 миңге чукул күйөрман Димашты коштоп ырдаган видео

Жаш ырчы менен күйөрмандарды россиялык атактуу композитор Игорь Крутой музыкалык жактан коштоп турган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Дүйнөгө таанылып келе жаткан жаш аткаруучу Димаш Кудайберген өзүнүн расмий Instagram агенттигине Нур-Султан шаарында болгон концерттин ирмемдерин талкуулады. "Любовь уставших лебедей" деп аталган чыгарманы залдагылар менен бирге аткарган.

Димаш менен күйөрмандарды россиялык атактуу композитор, ырдын автору Игорь Крутой музыкалык жактан коштоп турган.

"Маэстро @igorkrutoy65 менен биргеликте аткарылган чыгарма. Казакстандагы концерт, Арнау", — деп жазган ырчы социалдык тармактагы баракчасына.

Димаш Кудайбергендин жеке өзүнүн концерти 29-июнда Нур-Султан шаарында болуп, ага 40 миңге чукул адам келгени айтылды.

Концертке ырчынын 64 өлкөдөгү күйөрмандары келген.