WhatsApp кейпин кийген вирус 25 миллион смартфонду "талкалады"

"Агент Смит" деп аталган бул вирус колдонуучулар сүрөт-редактор же оюндарды көчүрүп жатканда байкатпай кирип алат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Киберкоопсуздукту камсыздоо менен алектенген израилдик Check Point компаниясы буга чейин 25 миллион смартфондун ишин бузган вирусту таап алды. Сыртынан караганда ал кадимки WhatsApp мессенджеринен эч айырмасы жок.

Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети
"Агент Смит" деп аталган бул вирус колдонуучулар сүрөт-редактор же оюндарды көчүрүп жатканда байкатпай кирип алат дагы, смартфонго WhatsApp теркемесинин кейпи менен жайгашат.

Аны жугузуп алган телефондорго рекламалар көп чыга берет. Адистердин айтымында, мындан тышкары, хакерлер аны сүйлөшүүлөрдү тыңшоо же акча уурдоо максатында колдонушу мүмкүн деп айтууда.

Компаниянын эсебине караганда, вирусту эң көп (15 миллион учур) Индияда жуктуруп алышкан.