Эксперттер кыргызстандыктарга жаңы бактерия коркунуч жаратарын айтышты

Микробго каршы каражаттарды көзөмөлсүз колдонууга каршы күрөшүү үчүн эл аралык долбоор иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Антибиотиктерди ашыгы менен колдонуунун кесепеттери тууралуу Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ички ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зарылбек Абдылдаев айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйынга катышты.

"Антибиотиктерди колдонуу микроорганизмге да кесепетин тийгизет. Алар дары-дармекке туруктуу болууну үйрөнүп, коркунучтуу жана дарылоого болбой турган бактериялардын пайда болушуна шарт түзөт. Бул маселени чечүү үчүн биз ветеринардык дарыканаларга мал доктурдун уруксаты жок микробго каршы дарыларды сатууга тыюу салдык", — деди Абдылдаев.

Айыл чарба министрлиги: элеттегилер 4,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя алды
Ал ошондой эле учурда Кыргызстанда антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык долбоор иштеп жатканын кошумчалады. Аны Россия каржылап жатат.

БУУнун тамак-аш жана айыл чарба уюмунун Улуттук техникалык координатору Марипа Кичинбатырова долбоордун алкагында кандай иштер жасалып жатканына токтолду. Ага ылайык, мал-жандыкка колдоно турчу дары-дармек боюнча өлкөнүн мыйзамдары кайрадан каралууда.

"Жергиликтүү лабораториялардын иши жакшырууда. Адистердин квалификациясын жогорулатабыз. Андан тышкары, мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты жакшыртабыз", — деди ал.

Аталган долбоор Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерде ишке ашууда.