Токмоктун жанындагы жол кырсык бир адамдын өмүрүн алды

Учурда маркумдун тек-жайы такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө бараткан Volkswagen Golf автоунаасы Токмок шаарына жакын жерден кишини коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын кайсы жеринде жол кырсыктар көп болот. Статистика
Жол кырсыгы 12-июлда түнкү саат 01:00дөр чамасында болгон. Жашы 40-45тер чамасындагы азиат тектүү киши кырсык болгон жерден каза болгон, учурда анын тек-жайы такталууда.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, автоунаа айып короого токтотулду. Материалдар тергөө бөлүмүнө берилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.