Сары-Челектин мындай сүрөттөрүн көрө элек болчусуз! Көз талдырган жети сүрөт

Көл деңиз деңгээлинен 1873 метр өйдө жайгашкан. Болжол менен анын 10 миң жыл илгери пайда болгону айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Фотограф Геннадий Закиров Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан Сары-Челек көлүнүн сүрөттөрүн берди.

Бул ирмемдер фотоаппаратка июнь айынын башында тартылган.

"Ал жерге бир нече күн барып эс алып, кооздугун карап отургуң келет. Сүрөттөрдүн баары бир күндө тартылган. Аба ырайы сонун болду. Жолдо бара жатканда эле жаратылыш кандай рахат тартуулайт. Сары-Челекке жеткиче жылдын төрт мезгилин көрүүгө болот", — деп билдирген ал.

Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан.

Сары-Челекти таптакыр жабыш керек. Биринчи жетекчинин уулдары коруктун абалы тууралуу
Коруктун негизги милдети — уникалдуу жаңгак токою комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафтты сактоо жана изилдөө.

2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбардын, 150дөн ашык канаттуулардын түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Ири жаныбарлардын арасынан илбирс, бугу, карышкыр, түлкү, аюу, кашкулак бул аймакты байырлайт.