Путин менен Зеленский алгач ирет телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу сөз болду?

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Путинге Минск шаарында жолугушууну сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Украинанын түштүк-чыгыш тарабындагы абалды жөнгө салуу жана бул боюнча адистердин деңгээлинде ишти алдыга жылдыруу тууралуу талкуу жүрдү. Ошондой эле буга чейин Зеленский сунуштаган форматта жолугушуу өткөрүү боюнча  да сүйлөшүүлөр болду", — дейт Песков.

Эске салсак, буга чейин Украинанын президенти Владимир Путинге Минск шаарында жолугушууну сунуштаган. Ал жолугушууга АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франциянын лидерлери катышса, иш-чара өзү Минск шаарында өтсө туура болот деген пикирин айткан.

Ал эми саясий серепчилер расмий Москва менен Киевдин ортосунда диалогдун башталышы жакшы жышаан экенин айтып жатышат.