Кыргызстандагы резинадай чоюлган помидорлор. Агроном себебин түшүндүрдү

Ичи көңдөй жана чоюлчаак помидор тууралуу видео интернетте тарап, колдонуучуларды таң калтырууда.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарда ичи көңдөй жана көк бойдон калган помидорлор жөнүндө айтылган видео тарады. 

Анда аял киши тең жарымынан бөлүнгөн помидорду кармап алып, кыргыз тилинде сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

“Бул помидорду Покровкадан сатып алганбыз. Ичин ачсак көк бойдон экен. Бышпай калганбы деп кармалап көрсөм, резина сыяктуу чоюлуп жатат. Кытайдын помидорубу? Абайлагыла”, — дейт аял.

Sputnik Кыргызстан жемиш эмне себептен мындай болуп каларын билүү үчүн агроном Авазбек Касымовго кайрылып, пикирин укту.

“Помидордун мындай болуп калышына тез кызарыш үчүн колдонулган химиялык каражаттар себеп болушу мүмкүн. Аны айрымдар Советтер Союзу учурунда эле колдонушчу. Товарды көркүнө чыгаруу үчүн 70-80 пайызга бышып калганда сыртын химиялык зат менен сүртүп коюшчу. Азыр жемиштин эптеп эле сырты кызарсын деп эрте сүйкөп алышкан”, — дейт Касымов.

Ошондой эле ал помидордун ичи дарынын кесепетинен катып кетип резина сыяктуу чоюлуп жатканын кошумчалады.