Чолпон-Атада дүйнөлүк жылдыздар катышкан музыкалык фестиваль өтөт

Эки күндүк концерт Ысык-Көл облусундагы ат майданда болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында дүйнө жылдыздарынын катышуусу менен Asia Session-2019 эл аралык музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты
Ири маданий иш-чара 1-августтан 3-августка чейин уланат. Концерттин алдында туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарманке уюштурулат. Аны менен катар цирк искусствосунун өкүлдөрү өнөрүн тартуулап, көл өнөрчүлөр өз эмгектерин көрсөтөт.

Ал эми 2-3-августта Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтчү концертке Havana, Say Мо:Сэм Космо, Меркури Кашалот, Mohombi, Мирбек Атабеков, DJ Софа, "Иванушки International" тобу жана башкалар катышат.

Билеттерди Kassir.kg сайтынан сатып алууга болот. Андан сырткары 0 (559) 98-84-77, 0 (312) 98-84-77, 0 (777) 98-84-77, 0 (500) 98-84-77 телефон номерлери аркылуу сурап билүүгө болот.