Бишкекте Тез жардам унаасы машина менен кагышып, оодарылып кетти. Сүрөт

Жол кырсыгы Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Тез жардам унаасы Mercedes үлгүсүндөгү жеңил авто менен кагышып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы Фрунзе менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Тез жардам унаасындагы медайымдын колу чыгып кетсе, бейтап жеңил жаракат алган. Ал эми эки унаанын айдоочуларынын абалы жакшы.

"Тез жардам кызматынын айдоочусунун айтымында, Mercedes үлгүсүндөгү унаа Шопоков көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Ал эми Тез жардам унаасы Фрунзе менен батыштан чыгышты көздөй баратканда кагышуу болгон", — деди кабарчы.

Ошондой эле Тез жардамдын айдоочусу жол чырактын жашыл түсүнө өткөнүн билдирген. Жерине башка медицина кызматкерлери келип, биринчи жардам көрсөтүштү.