Бишкекте Борбор Азиянын ӨКМ башчылары чогулду. Эмне тууралуу кеп болууда?

Жыйындын соңунда министрлер протоколго кол коёт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкекте Борбор Азиядагы мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар министрлеринин аймактык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Көйгөйлүү маселенин баарын чечебиз. Абылгазиев казак премьери менен жолукту
Бул иш-чара "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагында уюштурулган.

Күн тартибине кырсыктарды азайтуу, болуп кетиши мүмкүн болгон ири жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарга чара көрүү маселелери киргизилген.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өткөрүлүп жаткан жыйын абдан маанилүү экенин айтты.

"Бүгүн жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу маселелери курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул нерсе аймактагылардын кызматташуусу зарыл экенин көрсөтүп турат", — деди министр.

Ал ошондой эле жыйындын соңунда протоколго кол коюу пландалып жатканын кошумчалады.