Жүк ташуучулар кыргыз-казак чек арасынан жеңил өтөт. Премьерлер сүйлөштү

Казакстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргыз жана казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин Казакстан аркылуу өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Facebook баракчасына жазды.

Мамин бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Анын алкагында өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп, бир катар документтерге кол коюлат. Казакстандын өкмөт башчысы президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугат.

"Абылгазиев менен Мамин биздин жүк ташуучулар үчүн Казакстан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге транзиттик жол менен өтүүдө өткөрүү режимин жеңилдетүү тууралуу сүйлөштү. Буга чейин ветеринардык тармакта иштешүү боюнча бардык маселелер чечилген", — деп жазды Султаналиев.

Тараптар тар чөйрөдө жолукту.