Тоолуу Алтайда кыргыздар катышкан көк бөрү болду. Тарыхый мекенден тартылган сүрөттөр

Sputnik

Эх-хх… көк бөрү! Тура калган аткаминерлер, жалтанган милиционер. Кызыктуу 13 сүрөт
Аталган чемпионат 3-7-июль күндөрү Алтай Республикасынын Онгудай районунун Кепчуген айылынын Кер-Кечүү капчыгайында өттү.

Оюн талаасында жергиликтүүлөрдүн жети, Новосибирскидеги кыргыздардан түзүлгөн бир команда күч сынашкан. Бул тууралуу оюнга катышып келген Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын түптөөчүсү жана көк бөрү командасынын жетекчиси Каныбек Акаев билдирди.

Анын айтымында, "Новосибирск" командасы бул мелдешке быйыл биринчи жолу катышып жатат.

"Өзүбүздүн аттар менен оюн көргөзөлү деп алып баратканбыз. Тилекке каршы, жолдон автоунаабыз бузулуп калып кайра артка алып келүүгө туура келди. Анан улакчылар эле барып ошол жактан ат алдык. Бул мелдешке быйыл биринчи ирет катышып жатабыз. "Кыргыздар келиптир" деп оюнду көрүүгө эл аябай көп келди", — деди Акаев.

Мелдештин соңунда жергиликтүү "Онгудай" деген көк бөрү командасы биринчи орунду алган. Алтайдын көк бөрү боюнча республикалык чемпионаты жыл сайын өтүп турат экен.

"Өзүбүздүн аттарыбыз жок болгондуктан катуу каршылык көрсөтө албай калдык. Башында эле буга чейин чемпион болуп келген "Онгудай" командасы менен атаандашып, негизги оюнда тең чыктык. Бирок буллиттен 3:4 эсеби менен утулуп калдык. Жалпысынан оюн талаасына эки жолу эле чыктык. Буюрса, кийинки жылы мыкты даярданып барабыз. Жергиликтүү командаларда алтайлыктар жана орус улутундагы жигиттер ойнойт экен. Жаштар командасы жазында Алматыдагы Азия чемпионатка катышып келиптир", — деди Акаев.

Сергей Тузачинов биринчи болуп Алтайда 2004-жылы көк бөрү оюнун негиздеген. Ал оюндар эл аралык эреже боюнча тай казан менен өтөт.

Белгилей кетсек, Россиянын Көк бөрү федерациясын Кристина Карамышина жетектейт. Мындан сырткары, 2019-жылдын март айында Россиянын бүт аймагындагы Көк бөрү федерацияларынын союзу түзүлгөн.

1 / 17
Тоолуу Алтайда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өттү. Ага Новосибирскидеги кыргыздардын командасы дагы катышып келди.
2 / 17
Мелдеш 15 жыл мурда Алтайда көк бөрү оюнун негиздеген Сергей Тузачиновдун 75 жылдык мааракесине карата уюштурулган.
3 / 17
Оюн талаасында жергиликтүүлөрдүн жети, Новосибирскидеги кыргыздардан түзүлгөн бир команда күч сынашкан.
4 / 17
"Новосибирск" командасынын жетекчиси Каныбек Акаев бул мелдешке быйыл биринчи жолу катышып жатышканын айтты.
5 / 17
Чемпионат 3-7-июль күндөрү Алтай Республикасынын Онгудай районунун Кепчуген айылынын Кер-Кечүү капчыгайында өттү.
6 / 17
Көк бөрү — ат үстүндөгү эрендердин эр оюну. Улак тартып жатканда аттар да, ат үстүндөгүлөр да чыйралып, эр жүрөктүүлүккө, эпчилдикке, шамдагайлык менен топту жарып кирүүгө тарбияланат.
7 / 17
Көк бөрү Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Кытай, Түркия, Монголия жана Россиянын курамындагы Алтай, Башкыртстан, Хакасия, Тува республикаларында да ойнолот.
8 / 17
1996-жылы кинорежиссёр Болот Шамшиев тай казанды ойлоп таап, көк бөрүнүн жалпы эрежесин иштеп чыккан. Ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген.
9 / 17
Алтайдын көк бөрү боюнча республикалык чемпионаты жыл сайын өтүп турат экен.
10 / 17
Алтайдагы көк бөрү оюндары эл аралык эреже менен өтүп, оюн талаасына атайын тай казан орнотулган.
11 / 17
Сергей Тузачинов биринчи болуп Алтайда 2004-жылы көк бөрү оюнун негиздеген. Ошондон бери жыл сайын мелдештер өтүп турат.
12 / 17
Жергиликтүү командаларда алтайлыктар жана орус улутундагы жигиттер ойнойт.
13 / 17
Алтайдын жаштар командасы жазында Алматыга келип Азия чемпионатына катышып кеткен.
14 / 17
Көк бөрү көчмөн элдерге таандык оюн. Учурда бул оюндун популярдуулугу артып, тамыры кенен жайылууда.
15 / 17
Көк бөрүнүн эл аралык рейтингинин сап башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан турат.
16 / 17
Россиянын көк бөрү федерациясын Кристина Карамышина жетектейт. Мындан сырткары, 2019-жылдын март айында Россиянын бүт аймагындагы Көк бөрү федерацияларынын союзу түзүлгөн.
17 / 17
Чемпионаттын соңунда жергиликтүү "Онгудай" командасы жеңишке жетип, биринчи орунга ээ болду.