Зеленский "чык эшикке" деген аткаминер катуу жооп кайтарды

Жыйындан куулган аткаминер президенттик шайлоо учурунда Зеленскийди колдоп чыкканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жыйындан кууп чыгарылган Борисполь шаардык кеңешинин катчысы Ярослав Годунок Украинанын президенти Владимир Зеленскийди "акмак" деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Башыман ылдый жугунду куйгандай кылды. Мен эми, албетте, сотко кайрылам", — деди Годунок.

Аткаминердин айтымында, ал президентке чындыкты жеткирүүнү каалаган. Ал ошондой эле президенттик шайлоодо элди Зеленскийге добуш берүүгө үгүттөгөнүн кошумчалады.

"Үгүт иштерине катышканымды далилдеген үй-бүлөм менен түшкөн сүрөтүм бар. Бул кадамым үчүн мени Радикалдык партиядан чыгарып салышкан", — деди ал.

Годунок Петр Порошенкого каршы болгондуктан Зеленскийди колдоого аргасыз болгонун белгилеп өттү.

"Келиңиз, сүйлөшөлү". Зеленский Путинди расмий түрдө жолугушууга чакырган видео
"Зеленский ар бир адам президент экенин айткан эле. Анда мага сөз беришсин! Ар бир тыйын боюнча мени текшерип көрүшсүн. Бирок президент өзүн мындай алып жүрүүгө моралдык укугу жок. Мен аны кечирбейм", — деди Годунок.

Эске салсак, Зеленский Ярослав Годунокту жыйын учурунда "Чык эшикке" деп залдан кетүүсүн талап кылган. Зеленскийге Годуноктун залда отуруп алып кыйкырганы жаккан эмес.