Жээнбеков Швейцарияда бизнес көзүрлөрүнө жолугуп, бир топ документке кол коюлду

Президент Швейцарияга экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукцияларын, кийим-кечелерди жана бут кийим экспорттоого даяр экенин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон сапарынын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, бир нече документке кол коюлду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуулар кечээ, 10-июлда, Жээнбековдун Европа өлкөлөрүнө жасаган расмий сапарынын алкагында Берн шаарында өткөн.

Президент Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукцияларын, кийим-кечелерди жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарын экспорттоого даяр экенин билдирген.

Ал эми Швейцариянын ишкерлери ар кандай инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча кызматташууга даяр экенин билдиришти. Алар санариптештирүү, сертификациялоо, финансы, энергетика, туризм, мунайды кайра иштетүү, сүт азыктарын өндүрүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтышкан.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Herculis Partners, ABB Schweiz, Tatneft Europe, OBVIAM Investing for Impact, Blue Orchard Finance, Integral Petroleum, SICPA, Switzerland Tourism сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Кол коюлган документтер:

Кыргызстан менен Швейцариянын президенттери кол койгон документтердин тизмеси
— КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ;

— КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен Switzerland Tourism улуттук маркетинг уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу документ;

— КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Цюрих университети жана Цюрих университеттик госпиталынын ортосундагы респиратордук, ички жана бийик тоолуу медицина жана изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташтык тууралуу документ.