Москва: Путин менен Жээнбеков жолукту

Буга чейин Жээнбеков Россияга кыска иш сапары менен барары айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. - Sputnik. Москвада Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков жолукту. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

Буга чейин Жээнбеков Россияга кыска иш сапары менен барары айтылган.

"Сиз экөөбүз жакында эле көрүшкөнбүз, бирок ар тараптан кызматташкандыктан сүйлөшкөнгө ар дайым сөз бар. Үйүңүзгө бара жатып бизге кире кеткениңизге абдан кубанычтамын", - деди Путин.

Жээнбеков Швейцарияда бизнес көзүрлөрүнө жолугуп, бир топ документке кол коюлду
Сооронбай Жээнбеков дагы жолугуп сүйлөшүүгө убакыт тапканы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз эли сизди Кыргызстандын эң жакын досу катары көрөт. Сиз өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой салым коштуңуз. Муну биз жогору баалайбыз", - деди Жээнбеков.

Эске салсак, мамлекет башчы расмий сапары менен Швейцарияга барган. Ал мекенге кайтарда кыска иш сапары менен Россияга кире кетери айтылган.