БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде эки картина жоголгондугу Alerte Héritage сайтында кабарланган.
Алар негизинен Борбор Азиядагы маданий мурастарды коргоо боюнча иш алып барат.
"Сакталып турган жайдан советтик белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери жоголгон. Андрей Мельниковдун "Түш" жана Евсей Моисеенконун "Ольга" деп аталган картиналарын жасалмасына алмаштырып коюшкан. Рынокто аталган эмгектердин наркы кымбат болушу мүмкүн. Анын жасалма экендигин карап жатканда оңой эле билип коюшкан", — деп айтылат макалада.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов картиналардын алмашылышы боюнча комментарий берди.
"Бул фактыларды тастыктаган же төгүнгө чыгарган маалыматтар азырынча жок. Чындыкты билүү үчүн экспертиза жүргүзүү керек. Атайын комиссия иштеп жатат, жыйынтыгы чыкканда кабарлайбыз", — деди Жаманкулов.
Музейдин буга чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев отставкага кеткен болчу. Маданий жайда жаңжал чыгып, ага директордун дагы катыштыгы бар экени айтылган.
Маалыматтарга ылайык, Шыгаев совет доорунда Третьяков галереясы жана Пушкин музейи тарабынан белекке берилген XIX кылымга таандык эки эмгекти өзүнө ыйгарып алган. Полотнолордун бири Николай Сверчковдун калемине таандык "Жылкы менен ит" болсо, экинчиси Бакуниндин портрети эле. Шыгаевдин айтымында, эмгектер сканерден өткөрүлүп, жабыркаган.
Экс-директор келтирилген зыяндын ордун өз чөнтөгүнөн толтуруп берүүгө милдеттендирилген.