"Эркекпи?". UFC чемпиону Генри Сехудо Валентина Шевченкого чакырык таштады

Сехудо UFC 238 турниринин алкагында мушкер Марлон Мораести техникалык нокаут менен утуп, жеңил жана өтө жеңил салмак категориясы боюнча чемпион болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. UFC уюмунун эки салмак категориясы боюнча чемпиону, эркек киши Генри Сехудо аял мушкерлер Аманда Нуньес жана Валентина Шевченко менен беттешүүгө даяр экенин айтты. Ал мындай пикирин TMZ порталына берген маегинде белгилеген. 

"Мен 44,9 килограммдан 65,8 килограммга чейинки салмактагылардын баары менен мушташканга даярмын. Эгер Аманда Нуньес да ушуну каалап жатса мен даярмын. Валентина Шевченко сени да чакырам. Мен алтын издегичмин. Эгер анын алтыны болсо, аны алгым келет", — деди Сехудо.

Макгрегордун машыктыруучусу түнкү клубда башка жеди. Мушташтын видеосу
Сехудо Марлон Мораести  UFC 238 турниринде техникалык нокаут менен жеңип, өтө жеңил (57 килограммга чейин) жана жеңил салмак (61 килограммга чейин) категориялары боюнча чемпион атыкты. Беттеш учурунда Сехудо олуттуу жаракат алган. ЖМКлардын жазганына караганда, мушкер жаракатын калыбына келтирүү үчүн бери болгондо жарым жылдай октагонго чыкпайт.

Эске салсак, Аманда Нуньес орточо жеңил (66 килограммга чейин) жана жеңил (61 килограммга чейин) салмак боюнча, ал эми Валентина Шевченко өтө жеңил салмак боюнча (57 килограммга чейин) UFC чемпиону.