БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik.Forbes журналы 2019-жылы эң көп акча тапкан атактуулардын тизмесин жарыялады.
Рейтингдин башына 29 жаштагы ырчы Тейлор Свифт 185 миллион доллары менен чыкты.
Экинчи орунду америкалык топ-модель жана косметика чыгарган Kylie Cosmetics компаниясынын ээси Кайли Женнер 170 миллион доллары менен ээлеген.
Үчүнчү орунду америкалык рэпер Канье Уэст тапкан 150 миллион доллары менен алды. Бештикти футболчу Лионель Месси (127 миллион доллар) жана Британиялык музыкант Эд Ширан (110 миллион доллар) жыйынтыктады.
Көп акча тапкан жүздөгөн атактуулар менен кошо мурдагы чемпион (UFC) Конор Макгрегор 65-орунга чыккан. Ал бул рейтингге кирген ММА боюнча бирден-бир спортчу болуп калды.
Forbes берген маалыматтарга караганда, ирландиялык мушкердин кирешеси 2018-жылы 47 миллион долларды түзгөн. Тагыраагы, ал россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, 30 миллион доллар тапкан. Мындан сырткары, Reebok продукцияларын жарнамалап, 5 миллион доллар алган. Калган акча Proper 12 вискисин сатуудан түшкөн.